Жаңылыктар
Турсун Уралиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн 8-августта КТРК имаратынын алдында өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Турсун Уралиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн 8-августта КТРК имаратынын алдында өтөт

       Кыргыз Республикасынын Эл артисти Турсун Уралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 10.30 КТРК имаратынын алдында өтөт. 

      Ал 6-августта 85 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн өткөн. 

      Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган.

    1957-жылы Ташкент шаарындагы Н. Островский атындагы театралдык институтту аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.

     1958-жылы КТРга режиссер болуп кабыл алынып, 50 жылдан ашуун мезгил ушул чыгармачыл чордондо талыкпай эмгектенди.Турсун Уралиев Кыргыз радиосунун алтын казынасын түптөгөндөрдүн бири.

      Радиорежиссураны калыптандырып, өнүктүрүп, көптөгөн шакирттерди тарбиялады. Ал чоң чеберчилик менен жасаган жүздөгөн радиопьесалар, постановкалар, көркөм окуулар Радионун алтын казынасында сакталуу.

     Т. Уралиев кыргыз элине актер катары да белгилүү болду. Ал көптөгөн көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду мыкты аткарган.

     1994-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардактуу наамы берилген. Манас 1000 жана Даңк медалдарынын ээси.