Жаңылыктар
Талас облусунун Алмалуу-Тоо жайлоосундагы өрт өчүрүлдү
Өзгөчө кырдаал
Талас облусунун Алмалуу-Тоо жайлоосундагы өрт өчүрүлдү

Таластагы Манас районунун Покровка айыл аймагына караштуу Алмалуу-Тоо жайлоосундагы өрт өчүрүлдү. Белгилей кетсек, аталган тоодогу өрттүн чыкканына 10 күн болду. 4-5 жолу өчүрүлгөнүнө карабай, улам тутанган тилсиз жоо 1 миң гектардан ашык жерди каптады. 

Манас районундагы Кара-Арча айылынын үстүндөгү Алмалуу-Тоо жайлоосунда өрт мындан 10 күн мурун чыккан. Ага бир нече адам тартылып, улам тутанган өрт 4-5 жолу өчүрүлгөн. 

Бирок Алмалуу-Тоонун Казакстан тарабында өрт кайра тутанган. Буга казак тараптан соккон шамал себеп болгон. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө облустун Өзгөчө кырдалдар башкармалыгынын кызматкерлери, токойчулар жана жергиликтүү ыктыярчылар тартылган. Кийин Чүй, Жалал-Абад облустарынан да адистер келген.

Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстанга өрттү өчүрүү аракетин көрүү сунушун билдирген кат жолдогон. Натыйжада аймакта чыккан өрттү өчүрүүгө казак тараптан 150дөй адам жана бир тик учма тартылды.