Жаңылыктар
Турсун Уралиевди акыркы сапарга узатуу
Маданият
Турсун Уралиевди акыркы сапарга узатуу

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, радиорежиссер Турсун Уралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты КТРК имаратынын алдында өттү. Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, белгилүү Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана маданият өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери жана жакындары келишти.