Жаңылыктар
Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында добуш берүүгө катышкан 44 депутаттын кырк үчү талапкерди колдоду. 

Суракматов мэр кызматына шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан көрсөтүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялап, андан соң калаанын жаңы башчысы ишке киришет.