Бүгүн Ысык-Көлдө “Мекендештер” форуму башталды. Иш-чара Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда өтүүдө. 9-августка чейин созула турган форумга биринчи жолу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып жатат.
Ошондой эле иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана 23 өлкөдөн келген мигранттар, жалпы 300дөй адам катышаарын уюштуруучулар билдиришти. Белгилей кетсек, эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештер" форуму быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда.
Мигранттар менен иштей турган кеңеш түзүлөт. Муну Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мекендештер" форумунда билдирди. Анда Президент чет элде иштеп жүргөн кыргызстандыктарды өз мекенинде ишкердик кылууга чакырды.
Ал Салык, Бажы кодекси өзгөрүп, жеңилдиктер киргенин да белгиледи. Кыргызстан өнүгүү жолун аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын сөзсүз эске алуу керек.
Силердин омоктуу ойлоруңар, рационалдуу сунуштарыңар эске алынат. Дүйнөдөгү Кыргызстандын орду өзгөрдү, өлкөнүн кылган иш-аракети өзгөрдү, бул мекендештерди колдоо багытында мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл экенин көрсөттү. Мекендештер менен иштей турган кеңеш түзүү ниетим бар. Аны президентке караштуу кеңеш кылуу максатым бар, - деди президент.