Жаңылыктар
Мигранттардан которулган акча былтыркыга салыштырмалуу 14% көп
Экономика
Мигранттардан которулган акча былтыркыга салыштырмалуу 14% көп

Сырттагы журтташтарыбыз акча которуулары менен өлкө экономикасына барандуу салым кошуп келишет. 

Убагында кыйын турмуштун айынан чет өлкөгө жумуш издеп кеткен журтташтарыбыздын көбү азыр каражат таап айылына заңгыраган үй-жай курууда. 

Сыртта иштеп жүргөн журтташтарыбыз акча которуулары менен өлкө экономикасына барандуу салым кошуп келишет. Жылына мекендештерибиз 2 миллиард доллардай которот. Бул кеминде ар бир эмгек мигранты үйүнө 3 000 доллар которот дегендик. Мындан улам экономисттер мекендештерибиз инвестор болууга да чамалары жеткидей экенин белгилейт.

2018-жылдын соңку 5 айында чет мамлекеттерде эмгектенген мекендештерибиз өлкөгө бир миллиард долларга жакын каражат которгон. Каражаттын басымдуу бөлүгү Орусияда иштегендер тарабынан которулган. Бул сумма былтыркыга салыштырмалуу 14 %га көп акча которуу болду дегендик.