Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүрүп, кийин гана аны мыйзамдаштырууга аракет кылган учурлар көп.
Бишкектин башкы планын так билүү жана мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо үчүн шаардын деталдуу планы болууга тийиш. Бирок баш калаанын деталдуу планы ушул күнгө чейин бекитиле элек.
Бишкек шаарындагы Коммунарлар көчөсүндөгү №12 үйдүн жашоочусу Коомдук каналга анын коңшусу №14 үйдүн ээси ортодогу аралыкты калтырбай 3 кабат үй салып, анын чатыры менин үйүмдүн чатырын жаап калды. Мындай курулуш мыйзамга каршы келет деп кайрылган.
Маселени териштирүү үчүн шаардык мэриянын Жер курулуш башкармалыгы, Архитектура, экологиялык жана техникалык коопсуздук инпекциясы жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлгөн. Алардын көчмө жыйыны 8-августка, саат 11ге белгиленген. Комиссия мүчөлөрү айтылган убакытка келишти. Бирок биринин да колунда тиешелүү документтери жок болуп чыкты.
Курулуш мыйзамы боюнча ар бир турак жай, тигил же бул объект салынаар алдында тиешелүү мекемелерден уруксат алышы кажет. Коммиссиянын мүчөсү Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунан аталган үйдүн ээси уруксат албаганын билдирди.