Жаңылыктар
Туризмди өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр
Туризм
Туризмди өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр

2015-жылы Кыргызстанга 4,5 миллион чет элдик жаран келип кеткен. Бул тууралуу “2016-2020-жылдарда туризмди өнүктүрүү программасы” аттуу тегерек столдо айтылды. 

Туристтерди тартууда эң биринчи маселе коопсуздук жана аларды тосуп алуудагы жогорку маданияттуулук - талап кылынарын туризмди өнүктүрүү боюнча программанын презентациясында премьер-министр Темир Сариев билдирди. 

Туристтерди тартуу үчүн биринчи кезекте, Ысык-Көл, Сары-Челек жана Соң-Көл сыяктуу жерлерде шарт жакшы болушу керек. Андан кийин тоо туризми, кышкы туризм, медициналык туризм, тарыхый маанидеги ыйык жерлер жана улуу чокулардын мүмкүнчүлүгүн колдонушубуз абзел деп айтылды. 

Белгилей кетсек бүгүнкү күндө 1,2 млрд адам дүйнөнү тынымсыз кыдырып, жаңы мамлекеттердин маданияты, жаратылышы менен таанышып турат. Алардан түшкөн каражаттын жалпы суммасы 1,5 трлн. долларды түзөт.