Жаңылыктар
Өлкөдө көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт
Экономика
Өлкөдө көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт

Өлкөдө көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Бул изилдөөнү Өкмөттүн Аппараты менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы биргелешип жүргүзөт. 

Көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө көмүскө экономиканын ар түрдүү тармактардагы масштабдарын изилдөө сыяктуу аспектилерине, фискалдык саясат жана жөнгө салуучу функция, “күзгүдөй” салыштыруу статистикасы, товарларды өндүрүү жана кызматтар маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн жыйынтыгына жараша көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча чаралар иштелип чыкмакчы.

Көмүскө экономика масштабдарын кыскартуунун маанилүүлүгүн эске алып, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бул долбоорду ишке ашырууга эксперттик жардам жана техникалык көмөк көрсөтүүгө макулдугун берди.