Жаңылыктар
Экс-премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин камактагы мөөнөтү узартылды
Саясат
Экс-премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин камактагы мөөнөтү 13-октябрга узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-августта чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. 

Мындан тышкары "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана анын орун басары Жолдошбек Назаров, Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек да 13-октябрга чейин камакта калды. Аты аталгандар жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган.