Эр жүрөктүк, тайманбастык, кайдыгер карабоочулук сапаттар кыргыз жигиттерине таандык экени дагы бир ирет даңазаланды. 17 жаштагы Кыргызстандык жигит Орусияда сууга чөгүп бара жаткан кызды сактайм деп, каза тапты. Жандарбектин өз өмүрүн тобокелге салып, мындай кадамга барышына айылдаштарынын эч күмөнү жок.
Табиятынан боорукер жаралган Жандарбек, жардам сурап кайрылган адамдын өтүнүчүн эч убакта жоопсуз калтырган эмес. Бүгүн анын айылдаштары Жандарбек сындуу эр жүрөк уулу менен сыймыктанаарын билдиришет.
29-июлда Орусиянын Сахалин аралында сууга чөгүп бара жаткан кызды куткарууга биринчилерден болуп бой таштаган жигитти суу тартып кеткен. Натыйжада, кызды башкалар куткарып, сууга чөккөн бала табылбай калган. Куткаруучулар сууга чөккөн жигиттин сөөгүн окуя болгон күндүн эртеси табышкан. Ал - 17 жаштагы Кыргызстандык Жандарбек Кубаныч уулу экени аныкталган. Ал эми, сууга чөккөн кыз Россиянын жараны болгон.
Жандарбек Кубаныч уулу, Оштун Кара-Кулжа районунун тургуну эле. Орусияга июндун башында эс алууга кетип, августтун 25инде кайтканы жаткан. Кырсык чалып, минтип, кичи мекенине, жакындарына анын сөөгү келди. Сөөктү жеткирүүгө Сахалиндин жашоочулары менен мекендештер тарабынан 200 миң рублдай каражат топтолгон.
Жандарбек үйдөгү алты баланын улуусу болгон. Зиректиги, турмушка болгон көз карашынан анын атасы көптү үмүттөнүп жүргөнүн айтат. Жандарбек, улуттук ат оюну-көк бөрүнүн күйөрманы гана эмес, озү да катышып ойной алган. Ыр жазып, сүрөт тартканды жактырчу.