Жаңылыктар
Быйыл мугалимдер Ысык-Көлдүн жээгинде өздүк "Санат" пансионатында эс ала башташты
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл мугалимдер Ысык-Көлдүн жээгинде өздүк "Санат" пансионатында эс ала башташты

Быйыл мугалимдер Ысык-Көлдүн жээгинде өздүк "Санат" пансионатында эс ала башташты. Азыркы тапта республиканын ар кайсы облустарынан, өзгөчө алыскы айылдардан келген агартуучулардын экинчи тобу эс алуу жайында жаңы окуу жылына карата күч топтоп жатышат.

Эске салсак, бул эс алуу жайын билим берүү министрилигине өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезинде аймакка болгон иш сапары учурунда, мугалимдердин пайдалануусуна чечип берген болчу. Учурда өлкө боюнча жетимиш алты миңден ашык мугалим агартуу тармагында эмгектенет. Бирок педагогдор үчүн буга чейин мындай эс алуу жайы каралган эмес. 


Мугалимдер үчүн бир жыл аралыгында жаңыланган "Санат" пансионатына Нарын, Талас, Чүй, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан 53 мугалим эс алганы келди. 130 орундук эс алуу жайы жаңы ашканасы, жыйын өткөрүүчү жайы менен ишке берилген. Чындыгында, мугалимдерге болгон мындай камкордук өлкө көз карандысыздыкты алгандан бери биринчи ирет болууда.