Жаңылыктар
Таласта өспүрүмдөргө карата түнкү рейд жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта өспүрүмдөргө карата түнкү рейд жүргүзүлдү

Талас шаарында түнкү рейд уюшулду. Анда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын-алуу максаты коюлган. 

Анын алкагында түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөр кармалып, ата-энелерине эскертүү берилди. Белгилей кетсек, түнкү саат 23төн кийин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөргө мыйзамдуу чектөө бар.


Бул рейдди Талас шаардык билим берүү башкармалыгы менен шаардык милиция бөлүмү биргелешип уюштурган. Мындай текшерүүлөр дагы уланат. Атайын мыйзамга ылайык, түнкү саат 11ден кийин жашы жете элек балдар чоң адамдардын коштоосу жок көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынган.