Жаңылыктар
Өлкөдө мугалимдер жетишсиз
Билим
Өлкөдө мугалимдер жетишсиз

Кыргызстанда мугалимдер жетишсиз. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Белгилүү болгондой, 2017-2018-окуу жылында 79 миң 963 педагог эмгектенген. Жаңы окуу жылына карата 1745 жаш адис жумушка алынды. Бирок, билим берүү мекемелери дагы 1960 мугалимге муктаж. 

Окутуучулардын басымдуу бөлүгү Чүй жана Жалал-Абад облустарында жетишсиз. "Сентябрда бөлүштүрүлгөн бүтүрүүчүлөр жумуш орундарына жайгашат. Натыйжада, 215 орун бош калат. Бул орундарга келишим негизде аяктаган бүтүрүүчүлөр талапкер боло алат. Быйыл алардын саны 2,5 миң", - дешти министрликтен.