Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумуш топтордун жыйыны сентябрда Кыргызстанда өтөт. Белгилей кетсек, жакында эле чектеш аймактагы эки тилке такталган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1 миң 378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1 миң 170такталган. Учурда делимитация жана демаркация иштери уланууда. Эки тараптын жумуш топтору байма-бай жолугууда.