Жаңылыктар
Өкмөт "Ачык асман" саясатын киргизүү демилгесин колдойт
Саясат
Өкмөт "Ачык асман" саясатын киргизүү демилгесин колдойт

Өкмөт "Ачык асман" саясатын киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин демилгесин колдойт. Ошол эле учурда өкмөт өлкөнүн авиациялык тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. "Ачык асман" саясатын ишке ашыруу жана тармактагы башка маселелер Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында талкууланды. 

Кыргызстанда он беш жылдан бери “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу демилгесинен майнап чыкпай келет. Мындан улам өлкөдө билеттердин баасы да Казакстан, Өзбекстанга караганда 40 пайызга кымбат. Өкмөт өлкөнүн авиациялык тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын айткан премьер-министр жарандардын коопсуз учуусуна шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. Бул жагынан учуу коопсуздугун камсыздап, жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүп, билеттер арзан боло турган болсо мен “Ачык асман” саясатын колдойм-деди Премьер-министр.

“Ачык асман” саясаты ишке ашса экономика менен кошо туризм тармагы өнүгөөрү бышык. Экинчи жагы инвесторлорго да жол ачылат. Өкмөт бул багытты биринчи кадам катары караштырганы турат. Бул максатта Эл аралык “Манас” аэропортунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жумуштар жүргүзүлөт.