Жаңылыктар
Атамбаев Венгрияны II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды
Саясат
Атамбаев Венгрияны II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир катар чет элдик элчилерден Ишеним грамоталарын кабыл алды. Анда өлкө башчысы Пакистан, Алжир, Түркмөнстан, Польша,  Автралия,  Швеция, Филиппин, Израиль жана Венгрия мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан бардык  өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин айтып, элчилердин ар бирине өзүнчө токтолуу менен саясый, экономикалык, маданий жана тарыхый байланыштарды да белгилеп өттү.

Алмазбек Атамбаев: “Азыркы күндө Кыргызстан үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу кызматташууну жакшыртуу маанилүү болуп турат жана албетте эл аралык милдеттерибизди да толук аткарабыз. Биз сиздердин мамлекеттер менен  достук мамилелерди  жогору баалайбыз жана улуттук кызыкчылыктарыбызды да алдыга коебуз. Бул жылы Кыргызстан эки чоң эл аралык уюмдарга жетекчилик кылат. Бул жыл өтө маанилүү  иш-чараларга бай жыл. Андыктан активдүү иштешүүгө чакырым”.

 Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев эл аралык мамилелерди чыңдоодо элчилердин орду чоң экендигин баса белгилеп өтту. “Бир жыл мурун Европа өлкөлөрүнөн жаңы элчи келип, бир жылда эле эки өлкөнүн мамилесин жогорку деңгээлге көтөрдү. Мен да ал мамлекетке барып келдим. Кыргызстан азыркы кезде өткөөл мезгилди башынан кечирип жатат. Биз эки жолу “араб жазын” башыбыздан өткөрдүк. Бирок Кыргызстан азыр өз жолун тапты. Сиздер да мамлекеттер аралык мамилени бекемдөөгө, эки тараптуу кызматташууга чоң салым кошосуздар деп ишенем, – деди өлкө башысы. Ошондой эле элчилердин ар бирине өзүнчө токтолуу менен саясий, экономикалык, маданий жана тарыхый байланыштарды да белгилеп өттү.

Алмазбек Атамбаев: “Элчилердин  мамлекеттер аралык мамилени түзүүдө орду өтө чоң. Анткени мына бир жыл мурун  эле Европа мамлекеттеринен жаңы элчи келип, бир жылда эле эки өлкөнүн мамилесин  жогорку деңгээлге көтөрдү. Делегациялар келип, биз барып аттык. Мен да ал  мамлекетке барып келдим. "Эгер элчи уктай берсе, эки мамлекеттин ортосунда  мамилелер өнүкпөйт. Мындай да вариант болушу мүмкүн. Жаңы дайындалган элчилер менен жакшы иштешебиз деп үмүттөнөм. Ачыгын айтсам Кыргызстан азыркы кезде  өткөөл мезгилди башынан кечирип жатат. Биз да азыр араб өлкөлөрүндө болуп  жаткандай абалды, эки жолу “араб жазын” башыбыздан өткөрдүк, Украинанын абалын да башыбыздан өткөрдүк. Бирок азыр Кыргызстан өз жолун тапты. Сиздер да мамлекеттер аралык мамилени бекемдөөгө, эки тараптуу кызматташууга чоң салым  кошосуздар деп ишенем”.

 Өлкө башчы элчилерге президенттин аппараты жана Тышкы иштер министрлиги дайыма колдоо көрсөтөрүн баса белгилеп, Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередовго, эки мамлекеттин мамилесинин өнүгүшүндө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун ролу жогору экендигин айтты. Ал эми Алжир мамлекети менен экономикалык багытта мамилелерди жолго коюу керектигин белгиледи.

Президент ошондой эле, Венгрияны II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды."Быйыл кыргыз-венгер мамилесинин өр алышын жана тышкы иштер министринин келишин күтөбүз. Ошондой эле, биздин төрага да Венгрияга барат. Бул өлкөнүн жетекчилигин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көргүбүз келет. Качандыр бир кезде венгерлер да көчмөн болушкан. Биздин көп окшош жактарыбыз бар – деди Президент.

Ал эми Венгриянын элчиси Андраш Барани өз кезегинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Венгриядан спортчулар келерин айтты. “Венгрияда биз жакында “Курултай” өткөргөнү жатабыз. Ага Кыргызстандан да делегация барат. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бизден чабандестер, жаачылар жана бүркүтчүлөр келет – дейт элчи.

Андраш Барани: “Биз  Европадагы жалгыз көчмөн элбиз. Миңдеген жылдар боюу көчүп-конуп жүрүп мамлекет  болуп отурукташканбыз. Биз жакында Курултай уюштуруп жатабыз, Ооба курултай.  Иш-чарага Кыргызстанда да делегация келет. Ал эми көчмөндөр оюунуна бизден  спортчулар сөзсүз түрдө келебиз. Менимче чабандестер, жаачылар жана бүркүтчүлөр  келет”.

Ал эми Филиппиндер Республикасынын элчиси Даниел Рамос Кыргызстан менен ири төрт тармакта иштешүүнү максат кылып жатканын айтты. Алар коопсуздук, туризм, маданият жана терроризмге каршы күрөшүү багыты.

Даниел Рамос: “Мен  Кыргызстанда экениме кубанып турам. Мен төрт тармак боюнча келишимдерди алып  келдим. Алар коопсуздук тармагы, туримз, маданият жана дүйнө күрөшүп жаткан  терорризмге каршы биргеликте күрөшүү. Филиппиндердеги жана Кыргызстандагы  туристик агенттиктерди биргеликте ишешүүгө чакырам”.

Салтанаттуу аземдин соңунда президент  элчилерге жемиштүү жана натыйжалуу ишмердик каалап,  Кыргызстан бардык өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар өлкө экендигин баса белгиледи.

С. Идирисов, Биринчи радио