Бажы кызматы унаалардын ээлерине издөө салды. "Риом" унаа базарына 2015-жылы токтотулган машиналардын ээлерин издөөдө.
Ар кандай үлгүдөгү 28 унаа бажы каттоосунан өткөн эмес. Ага ээлик кылгандар тиешелүү кагаздары менен Төмөнкү Ала-Арча айылынын Курманалиев туюк көчөсүнүн 1а дарегиндеги Түндүк-чыгыш бажысына кайрылуусу керек.
Унаа ээлери табылбай калган шартта, алар мамлекеттин менчигине өтүп кетиши мүмкүн экенин эскертет бажы кызматкерлери.