Жаңылыктар
Берлинди бомбалоо тууралуу Сталиндин буйругу
Дүйнө
Берлинди бомбалоо тууралуу Сталиндин буйругу

Россиянын Коргоо министрлигинин расмий сайтында Борбордук архивдеги маанилүү, тарыхый орду чоң документтер жарыяланды. Анын арасында Иосиф Сталин Берлинди бомбалоо тууралуу 1941-жылы чыгарган буйрук бар. Министрликтин маалыматы боюнча, бул документке 9-августка караган түнү кол коюлган.

Буйруктун негизинде Совет армиясы Эстониядагы аэродромдон Германиянын борборуна бир нече жолу чабуул жасаган. Ошондой эле Берлинге чейин учуп жеткен учактар бомба таштоого жетишкен. Бул чабуул немис аскерлери августтун аягында — сентябрдын башында Таллин менен Моонзундский архипелаг аймагын алгандан кийин аяктаганы айтылат.

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылдын 22-июнунда башталып, 1945-жылдын 9-майында Жеңиш күнү деп жарыяланган.