Жаңылыктар
Нарын шаарында куюн аралаш шамал 7 турак үйдүн чатырын учурду
Кырсык
Нарын шаарында куюн аралаш шамал 7 турак үйдүн чатырын учурду

Нарын облусунун Нарын шаарында 2018-жылдын 12-август күнү саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырын учурган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Нарын шаардык 16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу(ЖК) комиссиясы тартылган.  

Куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташыганга жардам беришкен жана ЖК комиссиясы тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 13-август күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.