Жаңылыктар
Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кабыл алынды
Саясат
Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кабыл алынды

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңеш, бүгүн болуп өткөн VII жолку жыйналышында, Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун кабыл алды. Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн отурумда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү, эксперттер жана массалык маалымат каражаттары катышты. 

Президент башкаруу системасынын иш форматын өзгөртүш үчүн “Түндүк” электрондук системасын, жалпы эле “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу бардык бийлик бутактарынын милдети экенин кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков стратегиянын алкагында тышкы саясатта Орусия жана коңшу өлкөлөр менен достук мамилеге өзгөчө маани берилгенин белгиледи. Президенттин айтымында, стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2023-жылга чейинки мөөнөт каралып, анда беш жылдагы максаттар камтылмакчы.

Биринчи беш жылдыктын алкагында жарандарга шарт түзүү, кыска жана орто мөөнөттүү социалдык - экономикалык программаларды ишке ашыруу өкмөттүн негизги багыты болуп турат. Отурумда премьер-министр өкмөт аткарчу программалары менен бөлүштү.

Стратегиялык маанидеги документ кызуу талкууга алынды. Бул кеңештин курамына кирген адистер өз тармагы боюнча пикирлерин ортого салышты. Алардын бири “Жер азыгы” ассоциациясынын директору Азиза Юлдашева.

Эми кабыл алынган документ менен мамлекеттик кызматтагылар, муниципалдык кызматкерлер, бизнес коомчулугу, жарандык сектор жана башкалар таанышып чыгышы кажет. Анда өлкөнүн өнүгүүсүнө байланышкан бардык маселе ийне-жибине чейин так, даана камтылган.