Жаңылыктар
Кыргыз спортчулар Азия оюндарына спорттун 28 түрү боюнча катышат
Спорт
Кыргыз спортчулар Азия оюндарына спорттун 28 түрү боюнча катышат

Кыргызстан 18-жайкы Азия оюндарына спорттун 28 түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Мелдеш 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанга шаарларында өтөт. 

Программада 32 олимпиадалык жана олимпиададан тышкаркы 8 оюн орун алган. Кыргызстандын делегациясына 202 адам кирип, анын ичинде 149 спортчулар барат. Курамында машыктыруучулар, калыстар жана дарыгерлер дагы бар. Дирекциялар тарабынан 21 миллион сом бөлүнүп, бул каражат 140 адамга керектелет. Ал эми калгандары өздөрүнүн эсебинен же федерациянын каржылоосу менен катышууда.