Бүгүн, 14-августта Ак-Буура дарыясындагы суу тазаланып, Ош шаарына таза суу бериле баштады. Бул тууралуу шаардык суу чарба башкармалыгынан билдиришти.
13-август күнү Папан айыл аймагынын Карагур айылында жүргөн селдин кесепетинен Ак-Буура дарыясынын ылай калдыгы 6000 мг/литрден ашып кеткен. Буга байланыштуу Ош шаарынын Курманжан датка, Манас Ата кичи шаарчаларынан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарга таза суу берүү таңкы саат 05:00дөн тарта убактылуу токтотулган болчу.
Буга чейин таза сууну эскертпей токтотуп койгондуктан шаар тургундары сууну сатып ичүүгө мажбур болуп жатканын айтышкан эле. Шаар тургундарынын бири Эркин Байзаковдун айтымында, ал 5 литр сууну 60 сомдон сатып алууда.
«2 күндөн бери шаарда суу жок. Мэриядан же суу чарба башкармалыгынан мындай учурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына жардам көрсөтсө болмок. Сууну токтотуу боюнча дагы эскертүү беришкен жок. Суу чарба башкармалыгы унаа менен суу ташып жакшы болмок. Биз 5 литр сууну 60 сомдон сатып ичип жатабыз», - деген Э.Байзаков.