Жаңылыктар
Нарын: Арпа жайлоосундагы малчылардын ден соолугу текшерилди
Ден соолук
Нарын: Арпа жайлоосундагы малчылардын ден соолугу текшерилди

Нарын районунун Арпа жайлоосундагы чабандардын саламаттыгы текшерилди. Маалым болгондой, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, ветеринарлар, медицина кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары Арпа жайлоосундагы Куланак айылынан барган чабандар менен жолугушту.

Район жетекчилиги алыскы жайлоодогу малчылардын акыбалы, саламаттыгы менен жеринде таанышып, аларга дары-дармектер берилип, кан басымдары ченелип, толугу менен текшерүү жүргүзүлдү. Аким эгин чабылып бүткүчө айыл жергесине көчүп барган чабандарга катуу чара көрүлөрүн эскертип, тартипке чакырды.

Нарын районунун бир катар айылдарында малды жай учурунда Ак-Сай жана Арпа жайлоолоруна алып барышат.