Жаңылыктар
Театр чөйрөсүнө 48 жылдык өмүр жолун арнаган Мукамбет Токтобаев
Маданият
Театр чөйрөсүнө 48 жылдык өмүр жолун арнаган Мукамбет Токтобаев

Мындан беш жылдай мурун болчу. Кыргыз радиосунун кайсы бир уктуруусу үчүн КР Эл артисти, КМАДТнын таланттуу актеру Мукамбет Токтобаевди студияга чакырып, чер жазыша баарлашканбыз. Жаркыраган агабыз маанайыбызга майрам жаратып, каткырып күлүп, узатылган суроолорго татыктуу жооп узатып маек берип кеткен эле. А бүгүн эскерүүгө аргасызбыз. Өлүм менен өмүрдүн аралыгы жакын экенин туюнткан турмуштун жүрөк титиреткен ачуу сүрөтү ушул экен. 


"Бир өмүр..." деп аталган уктуруудан Кыргыз Республикасынын Эл артисти, маркум Мукамбет Токтобаевди эскеребиз. Уктурууну даярдап жана алып барган Жаңылай Алиева.