Кыргызстанга таанымал ак турпак күрүчү ошол жердеги айыл аймагынын негизги кирешеси. Башкача айтканда, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 30-40% пайызын түзөт.
Айыл аймактын 3 000 гектарын ээлеген шалысы сентябрь айында бышып, сатыкка чыга баштайт. Учурда күрүч менен алектенген дыйкандар зыянкечтердин алдын алуу аракеттерин көрүп жатат.
Учурда күрүч менен алектенгендер шалынын отоосуна каршы дарыларын чачып, зыянкечтердин алдын алууда. Бирок, дарылары анчейин пайдасын бербей жатыптыр, мындан улам дыйкандар түшүмдүүлүк аз болуп калат деп чочулашууда.
Облустун аймагында 3,5 000 гектар жерге күрүч айдалса анын 3 000 Ак-Турпак күрүчү ээлейт. Күрүчтүн анжыян, взросс жана лаззин түрлөрү кеңири таралган. Оруп-жыйуу иштери аяктагандан кийин ак жуазга тартылат. Ал үчүн айылда атайын электр кубатынын жардамы менен иштөөчү цехтер да бар. Учурда күрүчтүн базардагы баасы түрүнө карап, 70 сомдон 120 сомго чейин сатылууда.