Жаңылыктар
Убагында эмдөөдөн өтпөгөндөр кызамык оорусуна көп кабылууда
Ден соолук
Убагында эмдөөдөн өтпөгөндөр кызамык оорусуна көп кабылууда


Коркунучтуу илдеттерге каршы алдын ала эмдөөдөн Кыргызстандын жарандарынын 95 пайызы өтөт. Вакцина алуудан баш тарткан 5 пайыздын айланасындагы адамдар диний көз карашты кармангандар менен дармектин сапатынан күмөн санагандар. 

Дарыгерлердин айтуусунда, ушул күндөрү кызамык, кызылча менен ооругандар дал ушул дарттарга каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр болууда. Оору адам өмүрүнө коркунуч келтиргени менен да кооптуу. Ал арада вакцина алгандан кийин дарыгердин кайдыгер мамилесинен улам балам оорулуу болуп калды деп көз жашын төккөн замандашыбыз Сабира Жуманалиева дагы биздин каналга кайрылды. 

Осмон ноябрь айында 4 чыгат. Азыр анын бир кулагы укпайт, сүйлөбөйт, айлана-чөйрөсүндө эмне болуп жатканы менен иши жок.

Сабира Жуманалиеванын уулу коркунучтуу ооруларга каршы эмдөөнү Сокулук райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан алган. Арадан 2 жылдан ашык убакыт өтсө да баласын бул абалга алып келген дарыгер тиешелүү жазасын алган жок - деп энеси нааразы.

Бирок вакцина алгандан кийин майып болгон балдар тууралуу статиска өлкөдө жок. Жылына 1 жашка чейинки 150 миңдей бала жана 1 жаштан 56 жашка чейинки жарандар коркунучтуу дарттын алдын алуу боюнча эмдөөдөн өткөрүлөт.