Жаңылыктар
Ата-эне бир баланы мектепке даярдоо үчүн канча каражат сарптайт?
Билим
Ата-эне бир баланы мектепке даярдоо үчүн канча каражат сарптайт?

Жаңы окуу жылынын башталарына саналуу гана күндөр калды. Бул арада өлкө аймагында мектепке болгон даярдык кызуу жүрүп, ата-энелер балдары менен базар аралап, мектеп формаларынан тартып окуу куралдарына чейин жабдып, эртелеп кам көргөндөр арбын. 

Мектепке камылга көрүү кызыганын Бишкектин базарларынан даана байкаса болот. Балдарын жетелеген ата энелер окуу курал, мектеп формаларын тандап, ылайыктуусун карап жүрүшөт. 

Айтмакчы окуу куралдарына болгон баалар быйыл бир аз кымбатыраак. Сатуучулардын айтымында, жыл сайын бир эки сомго өзгөрүү болуп турат.

Ал эми окуу куралдарына келсек, портфелге жана ага салына турчу бардык шаймандары (дептер, калемсап, күндөлүк, карандаш, сүрөт тартуучу альбом, өчүргүч ж.б.) кошуп эсептегенде болжол менен 2000 сомго жеткирсе болот. Жогоруда көрсөтүлгөн бааларды орточо эсеп менен алсак, азыркы учурда ата-эне бир баланы мектепке даярдоого 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин каражат коротот.

Мындан сырткары 2018-19-жылдарга окуу пландары бекитилип, ага ылайык информатика, адам жана коом жана англис тили боюнча сааттар көбөйтүлдү. Кыргызстанда жалпы 1 млн 600 000 жакын окуучу бар болсо, быйыл 150 000 ашык бала биринчи класска барышат.