Алып баруучу, ди-джей Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду. Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн.
Алгач радиодо ди-джей катары таанылып баштаган. Андан кийин телеканалда алып баруучулук кызматты аркалаган. Кийинчерээк ар кандай коомдук иш-чараларды жана КТРКнын “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барып, 20 жылдан ашуун убакыт медиа тармагында иштеген. Салтанат Саматова 2011-жылы рак илдетине кабылган. Анын артында бир уул, бир кызы калды.