Жаңылыктар
Италияда унаалар каттаган көпүрө урап, ондогон адам каза болду
Дүйнө
 Италияда унаалар каттаган көпүрө урап, ондогон адам каза болду

Италиянын Генуя шаарында унаалар каттаган көпүрө урап, отуздан ашык адам каза болду. Мындан улам Италияда эки күндүк аза күтүү жарыяланды. Кырсык шейшемби күнү түштөн кийин болгон. 

Узундугу болжол менен 200 метрге жеткен көпүрөнүн бир бөлүгү 50 метр бийиктиктен урап түшкөн. Бул көпүрө үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтөт. Анын жарымынан көп бөлүгү темир жолдун үстүнө урап түшкөн. 

Ошондой эле өтүп бараткан автоунаалар да кошо кулаган. Алдын ала маалыматка караганда көпүрөнү тиреп турган устун көтөрө албай кеткен.