Жаңылыктар
Күндүн темасы: Улуттук стратегия кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Улуттук стратегия кабыл алынды

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын эң башкы айырмасы адамдын дараметин өнүктүрүүгө багытталганындыгын белгиледи. Бул тууралуу кененирээк "Күндүн темасында" маек жүрдү.

Уктурууга саясат таануучу Алмазбек Акматалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Байдылдаев Мурат Курманбекович катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"