2018-2019-окуу жылы башталаары менен аз саат өлчөмүндө иштеп жаткан мугалимдердин сааттары кыскартылат. Министрликтин ушул жылдын башындагы буйругу, жаңы окуу жылынан баштап мектеп мугалимдеринин бере турган минималдуу сааттарды чектеп, босого жүктөмдү киргизип жатат. Андагы маалыматка караганда сабактардын минималдуу сааты 12-15 саат болушу керек. Демек, учурда 6-8 саат менен иштеп жаткан мугалимдер эмки окуу жылында жумушсуз калышы толук ыктымал.
Буйрук күчүнө кирсе жумасына 4-6 саат менен иштегендердин сааттары бириктирилип, бир ставкага толукталып, мугалимге берилет. Натыйжада бир нече окутуучу ишинен кол жууп калганы турат. Адистердин айтымында, аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылып, калгандарынын маянасы жогорулайт деп кабарлашкан министрликтен.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"