Жаңылыктар
Кыргызстанда абак жайларынын шартын жакшыртуу иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда абак жайларынын шартын жакшыртуу иштери уланууда

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47-мекемесинин жаңыланган көзөмөл өткөрмө бөлүгү ишке берилди. Мындан сырткары абакта кармалгандарга кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Борбор калаа Бишкекте жайгашкан №47-түзөтүү колониясы 1945-жылы түптөлгөн. Дээрлик 70 жылдан бери бул жерде толук кандуу оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес. Эл аралык донорлордун жардамы менен мекенин көзөмөл өткөрмө бөлүгү жаңыланды. Мындан сырткары соттолгондордун жакындары менен жолугушуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.