Жаңылыктар
Акциздик марканын туура же туура эмес чапталганын кантип текшерүүгө болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Акциздик марканын туура же туура эмес чапталганын кантип текшерүүгө болот?

Салык кызматы базарларда сатылган алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгын текшерүүдө. Жыл башынан бери текшерүү маалында, дүкөндөрдөн 77 миң бөтөлкө, ичимдикке акциздик марка туура эмес чапталган деп шектелип атайын кампага алынган. 

Буларга мамлекеттик экспертиза жүргүзүлүп, салыктан качканы аныкталса административдик айып салынат. Ал эми ири өлчөмдө мыйзам бузгандарына кылмыш иши козголот. 

Ичимдиктин ири көлөмү 500 бөтөлкөдөн башталат. Ал эми бул көлөмгө чейинкилердеги акциздик марка мыйзамсыз деп табылса, дүкөн ээсине 50 миң сомго чейин айып салынат. Мындай текшерүүнү Салык кызматы жыл башынан бери жүргүзүп келет. Жети айда шектүү делип 77 миң бөтөлкө ичимдиктери экспертизалык текшерүүгө жиберилген.