Жаңылыктар
Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленип жатат
Маданият
Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленип жатат

Быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленип жатат. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулунун 90 жылдык маарекесине карата өкмөт тарабынан 47 иш-чараны уюштуруу каралган. 

Алардын маанилүүсү алдыда өтүүчү үчүнчү Эл аралык Ысык-Көл форуму жана Эл аралык театр фестивалы. Учурунда бул иш-чаралардын башында Чыңгыз Айтматов туруп, негиздөөчүсү болгон. Улуу жазуучунун чыгармаларын даңазалоо максатында башка дагы демилгелүү иштер колго алынган.