Жаңылыктар
Бостериде 42 жаштагы киши көлгө чөгүп бараткан жеринен куткарылды
Кырсык
Бостериде 42 жаштагы киши көлгө чөгүп бараткан жеринен куткарылды

Ысык-Көл районунун Бостери айылында 42 жаштагы киши көлгө чөгүп кете жаздады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 15-августта саат 18:00 чамасында болгон. «Золотые Пески» пансионатында эс алып жаткан 1976-жылы туулган М.Замир куткарылып, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.