Жаңылыктар
Кыргыз шахматчысы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн мелдеште жеңүүчү болду
Спорт
Кыргыз шахматчысы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык спортчу Селим Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарында өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль утту.

Маалым болгондой, «Abu Dhabi International Chess Festival 2018» турнири 8-14-август күндөрү Абу-Даби шаарында өткөрүлдү. Турнирде жалпы 7 категория боюнча медалдар ойнотулду.

Селим Атамбаев 10 жашка чейинки балдар арасындагы мелдешке катышты.

Кыргызстандык спортчу тогуз оюндун ичинен бешөөсүн жеңип, эки жолу теңме-тең чыгып, эки жолу атаандашына уттуруп жиберди. Оюндун жыйынтыгында ал 6 упай топтоп, Индиянын спортчуларын артта калтыруу менен 1-орунду ээледи.

Селим Атамбаев алтын медаль тагынып, 500 доллар сыйлык менен сыйланды.