Жаңылыктар
Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев  дүйнө салды

Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 15-августта 64 жаш курагында дүйнө салды. Өлкөнүн келечегине күйгөн, коомдо болуп жаткан экономикалык өзгөрүүлөргө активдүү аралашып, ар дайым өз пикирин билдирип келген тажрыйбалуу адис жүрөк оорусунан каза болду. 


Жакында эле өлкө экономикасына саресеп салып бакылдап сүйлөгөн Жумакадыр Акенеев арабызда жок. Жакындары жеңилибиздин жерден, оорубузду колдон алган адамыбыздан ажырадык деп каңырыктары түтөп турган кези. Маркум ден соолугу начарлап оорукана түшүп, жакшы боло албай көз жумган.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал студент кезинен тарта коомдук иштерге жигердүү аралашып, эмгек жолун 1976 жылы окуу жайдын биринде мугалим болуп баштаган. Аны улай беш жыл курулуш тармагында эмгектенип, андан соң экономика багытына кадам таштайт. Акенеев чоң кызматтарды дагы аркалаган, ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013 жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Эмгек жолун союз доорунда баштап, оош-кыйыш мезгилдин баарын башынан өткөргөн адис экономикадагы абалга ар дайым баасын берип, көз карашын билдирип келчү. Жумакадыр Акенеев массалык маалымат каражат өкүлдөрү, анын ичинде биздин канал менен дагы тыгыз кызматташып кеп кеңеши менен бөлүшчү.