Жаңылыктар
Жумакадыр Акенеевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Жумакадыр Акенеевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17- августа  Бишкектеги өзү жашаган Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Белгилүү экономист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев 64 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 90 жылдардын ичинде статистика комитеттинин төрагасы, айыл чарба  министри болгон. Ошол эле учурда илимий иш менен алек болуп, жогорку окуу жайларында иштеди. 2010- жылдан кийин инвестициялык фондду, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетектеген. 

Өмүрүнүн соңку жылдары топтогон тажрыйбасы менен билимин айкалыштырып, аналитикалык так ой жүгүртүүлөрү менен коомдогу экономикалык маселелерди талдоого алып турганы менен калкка кеңири белгилүү болчу. Акенеев өз принциптеринен эч тайбаганын, бийик интеллект, жогорку маданияттуу инсан болгонун жакын санаалаштары белгилешет. Замандаштардын эскерүүсүндө  мындан тышкары  1993- жылдан бери “Комсомолдордун” коомдук бирикмесинин төрагалыгын аркалап келгени,  2018- жылдын  күзүндө бул уюмдун 100 жылдыгын белгилөөнү пландаштырып, эми минтип-  максатына жетпей калганы айтылат.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунунУлахол айылында төрөлгөн. Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономикаилимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 50дөн ашык илимий эмгектинавтору, “ Даңк” медалынын ээси болгон. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"