Жаңылыктар
Президенттин Ош, Жалал-Абад облустарындагы иш сапары жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Ош, Жалал-Абад облустарындагы иш сапары жыйынтыкталды

Президент Сооронбай Жээнбековдун Ош, Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапары жыйынтыкталды. Мамлекет башчы, 28 миңдей студент билим алган Ош Мамлекеттик Университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышып, жаңыдан курулган Аравандагы “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын комплекси менен таанышты. Ак алтын жыйнайм деп турган Аравандын мээнеткеч дыйкандары менен маектешти.



Ош Мамлекеттик Университети 1939- жылы түптөлгөн. Мында, 28 миңдей студент 76 адистик боюнча билим алат. 18 факультет, 4 колледж, 2 академияда 3 миңдей окутуучу сабак берет. 22 окуу имараты бар. 

Быйыл буга дагы бир заманбап жаңы корпус кошулду. 700дөй студенти бар искусство факультети жаңыланды. Өз каражатынын эсебинен, 56 млн.сомго 5 кабаттуу окуу корпусу курулган. Имараттын уникалдуулугу 38 метрге жеткен кыргыздын улуттук аспабы - комуздун макетинин түшүрүлгөнүндө. Ал түнкүсүн жарык берип, тыныгуу учурунда комуз күүсү жаңырып турат.

Окуу жайдын жетекчилигине музыкалык инструмент алуу үчүн 200 миң сомдун сертификатын тапшырган президент, жаңы окуу корпустун кызыл тасмасын кесип берип, андагы шарттар менен таанышты.


Дал ушундай эле жаңы конуштуу болуу бактысы – мамлекеттин дагы бир сыймыктуу кесип ээлерине буйруду. Мамлекеттик чек ара кызматынын Аравандагы чек ара заставасынын өздүк курамы жаңы комлекстүү болушту. Райондун борборундагы бала-бакчанын имаратында жайгашкан застава толугу менен Төө-Моюн айыл аймагынына көчүрүлдү. “Жаңы Жер” чек ара заставасынын ачылышына өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку колбашчысы- президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 


Өлкөнүн коопсуздугу бекем чек арадан башталаарын айткан мамлекет башчы, жарандарыбыздын коопсуздугунун жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарынын сакчылыгында өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткан чек арачыларга ыраазычылыгын билдирди.