Боордош Казакстандын борбору Астана шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине улуу ойчул, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Астанада жазуучунун ысымын расмий ыйгаруу иш-чарасына эки өлкөнүн өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаев, жазуучунун жакындары жана элчиликтин өкүлдөрү катышты.
Боордош элдин борбору Астана шаары күн санап өнүгүп жаткан калаалардын катарында. Заңгыраган көп кабаттуу имараттар салынып, жаңы көчөлөр түшүп жатат. Бул көчө Астананын тарыхый жана жаңы бөлүгүн бириктирет. Айтматов көчөсү жалпы маанидеги 8 тилкелүү чоң көчө. Анын узундугу эки километрдей, жолдун дагы эки чакырымы салынууда. 2020-жылга чейин толук пайдаланууга берилет.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чыңгыз Айтматов кыргыздын гана улуу жазуучусу эмес казак элин, маданиятын терең урматтаган инсан болгонун белгиледи. Дүйнө жүзүнө чыгармалары менен таанылган Айтматовдун артында калган чоң мурасы кыргызга эле эмес дүйнө элине да калды.
Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Астанадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилиши - казак эли тарабынан жеке жазуучунун чыгармаларын урматтоо менен бирге эки мамлекеттин достук мамилесинин дагы бир далили экенин тастыктаган чечим экенин билдирди.