Жаңылыктар
Казакстанда ойноп жаткан наристе батуттун тешигине кирип кетти
Кырсык
Казакстанда ойноп жаткан наристе батуттун тешигине кирип кетти

Окуя коңшу өлкөнүн Жаркент шаарындагы сейил бактардын биринде болгон. Бул тууралуу "Sputnik Казакстан" маалымат агенттиги жазып чыкты. Наристе кыздын эжеси окуянын видеосун Instagram баракчасына жүктөп, калаа тургундарын сак болууга чакырган. "Сиңдим батутта ойноп жатып тешигине кирип кетти. Эки метрдей тереңдиктен араңдан зорго бутунан тартып чыктык.

Ичинде жылуу шамал уруп турат экен, эч нерсе көрүнбөйт, атүгүл көзүмдү ача алган жокмун," - деп жазган наристенин эжеси. Ал бул окуяга бушайман болуп, "Эмнеге батуттар текшерилбейт? Биз ары жакка басып кеткенибизде эмне болот эле?" - деп нааразычылыгын билдирди. Маалым болгондой, кыз аман калган. Райондун акиминин маалымат катчысы учурда жараксыз батут ал жерден алынганын айтып, наристе жабыркаган жок, арыз да түшкөн эмес деп билдирди.