Жаңылыктар
Декларацияны тапшыруу бүгүн аяктайт
Экономика
Декларацияны тапшыруу бүгүн аяктайт

Салык кызматы кабарлагандай, бүгүн жарандардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктагандыктан, аймактык бөлүмдөр түн жарымына чейин иштейт. Жарандар өзүлөрүнүн жеке кирешелери тууралуу маалыматты 1-апрелге чейин тапшырышы керек. 

Ошондой эле экономикалык ишмердиги, турак-жайы жана жер тилкеси тууралуу маалымат бериши керек. Мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, унаа ээлери, кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар адамдар, ошондой эле дыйыкан чарба ээлери мындай декларацияны тапшырууга милдеттүү. Салык кызматы билдигендей, өз маалында декларация тапшырбагандар айып пул төлөшөт.