Жаңылыктар
Окумуштуулары жер жүзүндөгү эң ылдам жүргөн жандыкты табышты
Билим
Окумуштуулары жер жүзүндөгү эң ылдам жүргөн жандыкты табышты

АКШнын Жорджия технологиялык институнун окумуштуулары жер жүзүндөгү эң ылдам жүргөн жандыкты табышты. Ал Spirostomum ambiguum деп аталган бир клеткалуу кичинекей курт экени аныкталды. 

Бул туурасында Georgia Tech порталы жазып чыкты. Жандыктын узундугу болгону 4 миллиметр, бирок ылдамдыгы саатына 724 чакырым жүргөн унаадай тез кыймылдайт. Учурда окумуштуулар жандыктын пайда болуу тарыхын изилдеп жатышат.

Жаңы ачылыштын жардамы менен көп энергияны талап кылбаган тез жүрүүчү кенедей роботту жасоого жол ачылары айтылды.