Бүгүн Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы сейил багында ачык асман алдындагы жандуу концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жан дүйнөнү байыткан иш-чарада «Доор» фольклордук ансамбли, мэриянын оркестри жана эстрада жылдыздары келип, меймандарга өз өнөрүн тартуулайт. Концерт кечки саат жетиде башталат. Кирүү акысыз.