Жаңылыктар
"Салттуу билимдерди коргоо системасы" деп аталган аймактык семинар өтөт
Билим
"Салттуу билимдерди коргоо системасы" деп аталган аймактык семинар өтөт

Биринен 4-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда "Салттуу билимдерди коргоо системасы" деп аталган аймактык семинар өтөт. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана иновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы Динара Молдошева 2018-жылдын жарым жылдык жыйынтыгын чыгарган жыйын учурунда айтты.

Белгилей кетсек 2017-жылы Жогорку Кеңеш "Салттуу билимдерди коргоо системасы" боюнча мыйзам кабыл алган. Учурда Кыргызпатенттин реестринде миңден ашык салттуу билимдер каттоодо турат. Мындан сырткары ушул жылдын 24-августунда Тоң районунун Ак-Сай айылында эң мыкты делген инновациялык долбоорлор ишке ашырылат.