Жаңылыктар
У.Эгизбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген экспертизанын жыйынтыгы чыкты
Кырсык
У.Эгизбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. ИИМдин билдирүүсүнө караганда, экспертиза "Уланбек Эгизбаев сууга чөгүп каза болду" деген жыйынтык чыгарды.

Анын өлүмүндө криминалдык аракеттер болгон эмес. Ашказанын текшергенде дагы уулануу белгилери табылган жок. Ал эми бутундагы тактар маркум сууга чөккөндөн кийин пайда болгону айтылууда. Эске салсак, журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.