Жаңылыктар
ЕАЭБ тууралуу маалымат берилди
Экономика
ЕАЭБ тууралуу маалымат берилди

Евразиялык экономикалык биримдиги: андагы тоскоолдуктар, маселени чечүү жолдору жана кызматташуунун негизги багыттары. Мына ушундай теманын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсү Данил Ибраев Кыргызстан экономикалык университетинин окутуучуларына жана студенттерине ачык лекция өттү.  

Анда Евразия экономикалык биримдигинин максаттары жана башкаруу органдары, интеграциянын жетишкендиктери, уюмдун алкагындагы кызматташтыктын негизги багыттары туурасында маалымат берилди. Негизги басым Биримдиктин ичинде түзүлгөн экономикалык жагдайга жасалып, төрт эркиндиктин - товарлардын, тейлөө тармагынын, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн айланасындагы тоскоолдуктарга көңүл бурулду.