Жаңылыктар
Баткенде өрүктүн баасы туруксуз болууда
Айыл чарба
Баткенде өрүктүн баасы туруксуз болууда

Баткенде өрүктүн баасы туруксуз болууда. Анын негизги кардарлары тажикстандыктар болгондуктан, ошол тарапка көз каранды болуп калган. Эгер тажикстанда өрүк баасы жогоруласа анда Баткенде да кымбаттайт. Өткөн жылдары 500 сомго чейин бааланган өрүк учурда 200 сомго чейин сатылып калды.

Минтип базардагы өрүктүн баасы кескин түрдө түшүп кетишинин бирден бир себеби тажикстандык соодагерлер азыраак келип жатканы дешет. Буга чейин алар кургатылган өрүктөрдү алып, өз мекенинде кайрадан иштеп чыгып, чет жактарга экспорттошчу. Бирок, учурда алар жакын жердеги чек ара постунан өтө албай 19 чакырым алыстагы эл аралык стандарттагы посттон айланып келишет.

Бул соодагерлер Дөбө айылындагы чек ара постунан өтө албай убара. Бирок, ал жер жабык пост болгондуктан, мыйзам негизинде эки тарапка тең кирип чыгууга жол бербейт. Анткени жакынкы аралыкта Кызыл-Бел эл аралык көзөмөл өткөрмө жайы жайгашкан. Эки тарап тең ал жерден мыйзамдуу өтүүгө укуктуу деп билдирди Баткен облустук чек ара башкармалыгы. Ал эми жакынкы чек ара постун эл каттамы үчүн ачуу иши өкмөттү деңгээлде көтөрүлчү маселе экен.

Бирок, Баткендин өрүгүн тажикстандыктарсыз эле кыргызстан аркылуу экспортко чыгарууга аракеттенгендер да бар. Ал үчүн мамлекет да көңүл бөлүп, ири өлчөмдөгү кайра иштетүүчү ишканалардын санын, сапатын жогорулатуу керек дешет дыйкандар.

Баткен облусунун аймагында 10 миң гектардай өрүк багы бар. Андан жылына 60 мин тоннадай жыйналып, 30 мин тоннасы кургатылат да дээрлик баары тажикстандык соодагерлерге сатылат. Мындан улам Баткенде өрүк өстүргөн дыйкандын кирешеси тажикстанга көз каранды.