Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков теолог Кадыр Маликовду кабыл алды
Дин
Президент Сооронбай Жээнбеков теолог Кадыр Маликовду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Жолугушууда 19-июль күнү өткөн мамлекет башчысы менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Кадыр Маликов көтөргөн маселелер боюнча маектешүү болду. 

Тактап айтканда, мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттешүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду. Теолог Кыргызстанда дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, поликонфессионалдуу коомдун иштөөсү үчүн көп иштер жасалганын белгиледи. 

Сооронбай Жээнбеков диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырыларына токтолду. Ал ошондой эле динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарт түзүүнүн, диний жана светтик маданияттардын тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын айтты. Жолугушууда исламдын дареметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууга, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.